Биз социалдык тармакта

Конституциянын жаңы долбоору боюнча Жогорку Кеңеште 90 депутат болот

Конституциянын жаңы долбоору боюнча Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Бул тууралуу конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жыйында билдирди.

"Конституциянын жаңы долбоору боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90 болду. Шайлоо системасы кандай болорун көрсөткөн жокпуз. Бул маселени Жогорку Кеңештин эркине тапшырдык. Анткени бийликтин баарын конституциялык кеңешмеге алып алуу мүмкүн эмес экен", - деди Бөрүбашев.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирип, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор - Бекбосун Бөрүбашев жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zam81
2021-01-26 13:52:01
Кыргызыстанга 40 деле жетет 5 жылда 30 эле тааныйбыз байыгандан башка иш деле кылбайт
+3
Kari
2021-01-26 14:04:07
Уйкучулар азаят экен да,бизге жарымы деле жетмек,аларды бакканга кучубуз жетпей калды.Айлык акысын да кыскарткыла.
+1
AdylbekB84
2021-01-26 14:55:11
50 депутат болсо болмок! Ушуну өтө чыдамсыздык менен күттүм эле, 90 депутат ашыкчааааааа!
0
nazira...
2021-01-26 15:20:24
60 кылам дебеди беле, 30га көп го. Чимкирик деп сонун ат койгон да Атамбаев, таарыхта калды да.
+3
nazira...
2021-01-26 15:27:12
Депутаттар сүйлоп жатканда укпай эле күлө берем,чимкириги мурдунан да, башка жагынан да агып аткандай көрүнө берет. Сүйлөп бүткөндөн кийин ары жакка барып тазалап алса экен жок дегенде булганбай деп дагы күлөм, башка каналга өтүп зорго токтотом.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан