Биз социалдык тармакта

Дастан Бекешев: "Садыр Жапаровдун ант берүү аземине чакыруу алгандар коронавируска карата тест тапшырышат"

Президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакыруу алгандар коронавируска карата тест тапшырышат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев "Депутаттын ойлору" деген телеграмм-каналында билдирди.

"Бүгүн мен коронавирус инфекциясына карата тест тапшырам. Жеке өзүм барып тапшырмак эмесмин. Бирок инаугурацияга чакыруу алгандарга милдеттүү түрдө тест тапшыруу шарты коюлуптур. Андыктан мен дагы ПЦР-тест тапшырам", - деген Бекешев.

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи 28-январь күнү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан