Жумгал районунда Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине министр Алмазбек Бейшеналиев катышты.
"Аталган мектеп 2020-жылдын декабрь айында курулушу толук аяктап пайдаланууга берилген. Азыркы учурда мектепте 300 окуучу билим алып, 31 мугалим эмгектенет. Министр министрликтин атынан жаңы курулган мектепке 16 комплект компьютер тапшырды", - деп жазылат маалыматта.