Биз социалдык тармакта

Өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 2 эсе көппү? Аида Исмаилова бул боюнча оюн айтты

Бүгүн, 26-январда мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполго сурак берип чыкты. Сурактан кийин Аида Исмаиловага журналисттер тарабынан "Комиссия коронавирустан каза болгондордун саны эки эсе көп деп баалап жатышат. Буга кандай карайсыз?" деген суроо берилди.

"Бул маселени эксперттер менен талкуулаш керек. Анткени бул Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү. Ошондуктан мен бул жерден ал жөнүндө маалыматты бере албайм. Себеби бул жерде эксперттердин оюн угуш керек", - деди Исмаилова.

Мындан тышкары ал 30 жылдан бери өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагы төмөн экендигин айтты.

Аида Исмаилова коронавирус боюнча жоопкерчилик ала албастыгын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан