Биз социалдык тармакта

Коронавирустан каза болгондордун жакындары митингге чыкканда Аида Исмаилованын сүрөтү дагы плакатка түшкөн. Исмаилова бул боюнча оюн айтты

Бүгүн, 26-январда мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполго сурак берип чыкты. Сурактан кийин Аида Исмаилова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, коронавирустан каза болгондордун жакындары чыккан митинг боюнча оюн айтты.

"Ар бир жарандын өзүнүн ою, пикири бар. Мен ар бир жарандын оюн баалайм. Албетте, пандемиядан каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Пандемия боюнча болгон иштин баарын айтып бердим", - деди Аида Исмаилова.

Кечээ, 25-январда Бишкектеги Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында коронавирус илдетинен каза болгондордун жакындары митингге чыгышкан.

Аида Исмаилова коронавирус боюнча жоопкерчилик ала албастыгын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан