Белгилүү орусиялык актёр Василий Лановой коронавирустан каза болду

СССРдин Эл артисти Василий Лановой 87 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, актёр январь айынын башында байбичеси Ирина Купченко менен бирге COVID-19 илдети менен ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк анын оорусу күчөп кеткен. 28-январда Василий Лановойдун абалы оорлоп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Василий Лановой 1934-жылы 16-январда Москвада төрөлгөн. Ал театралдык студияга тапшырып, 1948-жылы "Дорогие мои мальчишки" аттуу спектаклде роль аткарган. Актёр "Алые паруса", "Коллеги", "Война и мир", "Анна Каренина" жана башка тасмаларда ролдорду аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Qwer007
2021-01-29 10:19:21
Жакшы актёр эле
+1
Qwer007
2021-01-29 10:20:42
Союз кезинде, азыркы супер геройлорду коргондой корот элек
+1
suban78
2021-01-29 10:32:00
Офицеры деген киносун корчу элек кызыгып. Жаткан жери жайлуу болсун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан