Коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн Кытайдын Ухан шаарына барышкан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) эл аралык эксперттер тобу коронавирусту эң алгач жуктурган адамды дарылаган шаардык ооруканага барышты. Мындай маалыматты эксперттер тобунун мүчөсү Марион Купманс социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Жугуштуу ооруларга адистешкен жана Ухандагы биринчи коронавирус менен ооруган адамды дарылаган шаардык ооруканадан келдик. Ал жактагы окуялар биздин дарыгерлерибизден уккан окуяларга абдан окшош", - деп жазган ал.
Учурда Кытайда COVID-19тун келип чыгышын иликтеген ДССУнун эл аралык эксперттик тобу иштеп жатат. Адистер Кытайдын Ухан шаарына 14-январда барышкан. Коронавирустун келип чыгышын билүү үчүн түзүлгөн эксперттик топко Япония, Катар, АКШ, Германия, Вьетнам, Австралия, Орусия, Нидерланды, Улуу Британия жана Даниянын өкүлдөрү кирет.