Индияда эжесин иниси сүйлөшкөн жигити менен түшкөн сүрөтү үчүн үлпөт тоюна бир күн калганда атып салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя Индиянын түндүгүндө жайгашкан Уттар-Прадеш штатындагы Мерат шаарында болгон. Анда бир нече жылдан бери мамиледе болгон кыздын сүйүктүүсү алардын бирге түшкөн сүрөттөрүн үлпөт тойго бир күн калганда социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, туугандарына жиберген.
Мындан улам алардын мамилесине каршы болгон кыздын иниси ачууланып, эжесин досунун мылтыгы менен атып өлтүргөн.
Полиция кызматкерлери аны колго түшүргөн жана иниси кылмышты моюнуна алган.