Бүгүн, 31-январда Орусиянын аймактарында оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо митингдери башталып жатат. Мындай маалыматтарды аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, биринчи митинг өлкөнүн чыгышынан башталган. Анда Петропавловск-Камчатский шаарында активисттер көчөгө чыгышкан. Ошол жерден биринчи камоолор башталды. Мындан тышкары, Владивосток, Хабаровск, Иркутск шаарларында дагы митингдер башталган.
Митингдердин башка шаарларда дагы уланары күтүлүүдө. Өз кезегинде бүгүн, 31-январда Москва шаарындагы метролор митингден улам жабылары айтылган.