Бүгүн, 31-январда Орусиянын Сахалин шаарында оппозиционер Алексей Навальныйды колдоп бир адам митингге чыкты. Мындай маалымат аталган өлкөнүн жергиликтүү Telegram каналдарынын бирине жарыяланды.
"Бир адам болсо дагы митингге чыкты. Таң калычтуусу ал башка өлкөнүн, тагыраагы, Орто Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны. Ал "Жеңиш" аянтында өкмөткө каршы ураандарды кыйкырды", - деп жазылат Telegram каналдын билдирүүсүндө.
Учурда аталган аймакта абал тынч. Полиция кызматы коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп жатат.
Бүгүн, 31-январда Орусиянын бир нече шаарларында оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо митинги өтөрү белгилүү болгон.