Бүгүн, 31-январда Орусиянын бир нече шаарларында оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо митингдери өтүүдө. Анда кармалган жарандардын видеолору социалдык тармактарга тарап жатат.
Социалдык тармакта Челябинск шаарында акцияга чыккан жаранды полиция кызматкери кармап жаткан видео талкууга түштү. Анда кармалган жаран дем ала албай жаткандыгын айтса дагы үстүнөн полиция кызматкерлеринин басып жатканын көрүүгө болот.
Былтыр АКШда дагы Жорж Флойд аттуу жаранды полиция кызматкерлери басып алганда "Мен дем ала албай жатам" деп кыйкырган. Кийинчерээк ал каза болуп, АКШнын бүтүндөй аймагында нааразычылык акциясы орун алган.
Орусияда эң ири митингдер (маалымат каражаттарынын эсептөөлөрү боюнча) Екатеринбург шаарында 7 миң жана Новосибирск шаарында 6 миң адамдын катышуусунда өтүүдө.