Кечээ, 31-январда Орусиянын бир нече шаарларында өткөн оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо митингинде кармалган адамдардын саны рекорддук көрсөткүчтү кайталады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясында жалпы 5 миңдей адам кармалган. Москва менен Санкт-Петербург шаарларынан тышкары, кармалгандардын саны боюнча алдыңкы үчтүктүн катарына Красноярск (194 адам), Нижний Новгород (173 адам) жана Тверь (124) шаарлары кирди.
Буга чейин, 23-январда Орусиянын бир нече шаарларында оппозиционерди колдогон нааразычылык акциялары өткөн. Анда митингчилер укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышып, бир нече кылмыш иши козголгон. 3 миңден ашуун адам кармалган.