Бишкекте Эрик Гурландын "Ички көз караш: Кыргызстандагы колония жашоосу" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 18-октябрда француз сүрөтчүсү Эрик Гурландын "Ички көз караш: Кыргызстандагы колония жашоосу" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты. Эрик Гурлан жаш балдардын, аялдардын жана эркектердин колониясында жүрүп, колонияда жашагандардын да, иштегендердин да ишенимине кире алган. Сүрөтчү түрмө жашоосун чагылдыруу менен жашоочулардын, анда иштегендердин эмоциясын ачып берүүгө аракет кылган. Жер шарын кыдырып, ар түркүн окуяларды, качкындарды сүрөткө тарткан жана  сүрөттөн сабак берип жүргөн. Сүрөтчү Балтия жана Евразия мамлекеттеринде 17 айлык экспедицияга катышкан. Көргөзмө КР Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы, "Эгль" бейөкмөт уюму, "Фридом Хаус" жана Бишкектеги ОБСЕнин колдоосу менен ишке ашууда. Көргөзмө ноябрга чейин уланат.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан