Бурятия Республикасында 14 жашар өспүрүм бала апасын коргоо үчүн өгөй атасын бычактап койгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 58 жаштагы эркек киши 3 балалуу аял менен жарандык никеде жашап жүргөн. Ал ичип жаткан арагын бекитип койгондугу үчүн мас абалында аялына кол көтөргөн. Апасын коргоо үчүн аялдын 14 жашар баласы өгөй атасына бычак сайып, ал алган жаратынан улам окуя болгон жерден көз жумган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, өспүрүм кармалган.