Баасы 24 миллион доллар. АКШлык рэпер чекесине бриллиант салдырат

Lil Uzi Vert деген каймана аты менен таанымал болгон америкалык рэпер Саймер Вудс чекесине 24 миллион долларлык бриллиант салдырат. Ал маңдайына салдыра турган баалуу таштын сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, күлгүн түстөгү бриллианттын салмагы 10-11 каратты түзөт. Рэпер бриллиантты 2017-жылы бөлүп-төлөө менен алган. Эми ал баалуу таштын акчасын толук төлөгөндөн кийин аны чекесине операция жолу менен салдырууну көздөөдө. Имплантацияны белгилүү ювелир Эллиот Эллианте жасайт.

Күйөрмандарынын "бриллиантты эмнеге шакекке тагып албайсың?" деген суроосуна рэпер "чекеме салдырып алганыма караганда шакекти жоготуп алсам силер мага көбүрөөк күлөсүңөр" деп жооп берген.

Lil Uzi Vert -америкалык хип-хоп ырлардын автору. Ал "Money Longer" дебюттук сингли чыккандан кийин көпчүлүккө таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Belek1710
2021-02-01 18:36:14
Айнып калган.
+7
Asmat84
2021-02-01 18:57:29
Энеңди урайын шүмшүк
+5
Mr.altynbek
2021-02-01 19:32:59
Dbp
0
nazarnew
2021-02-01 20:03:44
Реальный вижен болот экен да, уурулар уурдап кетпесин десе керек да.
0
bekalife
2021-02-01 21:30:43
Башын кесип кетпесе экен эми
+3
Arslan11
2021-02-01 23:27:20
25 миллион долларга бриллиант салгыча бир шапка алып албайбы кебетеси кантет
0
Arai92
2021-02-02 00:34:46
Апенди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан