АКШнын экс-президенти Дональд Трамп "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлдү

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, Эстониянын Европарламентинин депутаты Яак Мадисон АКШнын экс-президенти Дональд Трампты "Нобель" тынчтык сыйлыгына көрсөткөн.

Эстониянын Консервативдик элдик партиясынын өкүлү Трамптын "Новель" тынчтык сыйлыгына көрсөткөнүн АКШда 30 жыл ичиндеги кызмат учурунда биринчи согуш жарыя кылбаган президент болгондугу менен түшүндүргөн.

"Ошондой эле Дональд Трамп өлкөнү башкарып турган учурда Жакынкы Чыгыш менен тынчтык келишимине кол коюлган. Ким "Нобель" тынчтык сыйлыгын аларын көрөбүз", - деген Яак Мадисон.

"Нобель" сыйлыгы - илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылат. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mubarak
2021-02-01 21:25:51
Трампка тынчтык учун берсе анда болбойт калатко
+3
janyll
2021-02-02 10:44:00
Кулкунучтуу
+2
Asmat84
2021-02-02 15:59:03
Трамп тынчтык үчүн күрөшкөн адам болсо анда медалдын деле күнү бүткөн экен. Кой а ушул кантип болсун... Кайрат менен Курал туура эле алган экен анда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан