Польшанын экс-президенти, "Нобель" сыйлыгынын ээси Лех Валенса коронавирус пандемиясынын кесепетинен кошумча жумуш издеп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Лех Валенса коронавирус пандемиясына чейин ар кайсы университеттерде лекцияларды окуп келген. Ага бул үчүн каражат төлөнчү.
"Мен кубануу менен электрик болот элем. Ушул кезге чейин Омдун, Кирхгофтун закондору эсимде. Тилекке каршы, баары өзгөрдү. Учурдагы техникалар мени өлтүрүп койбойбу, муну дагы билбей турам", - деген Лех Валенса.
77 жаштагы саясатчы кошумча каражат таба турган булак таппай жатканын, ошондой эле байбичеси көп каражат саптарын билдирип өткөн.
"Экс-президент пенсияга чыккандан кийин айына 6 миң злотый (Польшанын валютасы) 1 миң 600 доллар алат. Лех Валенса 1983-жылы "Нобель" тынчтык сыйлыгын алган. Ал Польшаны 1990-1995-жылдары башкарган", - деп жазылат басылманын маалыматында.