Өзбекстанда кезектеги президенттик шайлоо качан өтөрү айтылды

Өзбекстанда кезектеги президенттик шайлоо 2021-жылдын 24-декабрында өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн мыйзам чыгаруу палатасынын биринчи вице-спикери Акмаль Саидов билдиргенин коңшу өлкөнүн басылмалары жазышууда.

"Мыйзам палатасы чыгарган мыйзам долбооруна ылайык, өлкөнүн кезектеги президенттик шайлоосу 24-декабрда өткөрүлөт", - деген Акмаль Саидов.

Анын айтымына караганда, 5-февралда мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан даярдалган мыйзам долбоорун сенат (парламенттин жогорку палатасы) жактырары күтүлүүдө.

Өзбекстандын президенти 5 жыл убакытка шайланат. Өлкөнүн мыйзамына ылайык, президенттикке талапкерлер жана парламент депутаттары саясий партиялар тарабынан гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Аталган өлкөдө акыркы жолу 2016-жылы президенттик шайлоо өткөн. Анда Либерал-демократиялык партиясынан Шавкат Мирзийоев жеңишке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан