Анжелина Жоли Уинстон Черчилль тарткан сүрөттү аукционго койду

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли Улуу Британиянын мурунку премьер-министри Уинстон Черчиллдин экинчи дүйнөлүк согуш учурунда тарткан сүрөтүн аукционго койду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Анда жазылган маалыматка ылайык, Черчиллдин "Кутубия мечитинин мунарасы" аттуу эмгеги 1-мартта аукционго коюлат. "Christie’s" мода үйү сүрөт 3 миллоин 400 миң долларга сатылат деп божомолдоп жатат. Мындай учурда аталган баа Черчиллдин чыгармалары үчүн рекорд болмокчу.

Бул сүрөттү Черчилль 1943-жылы АКШнын президенти Франклин Рузвельт менен Марракешке (Марроккодогу шаар) болгон сапарында тарткан. Ал сүрөттү АКШнын президентине белекке берген. Франклин Рузвельт каза болгондон кийин сүрөткө түрдүү адамдар ээлик кылган.

Картинаны 2001-жылы Анжелина Жоли мурунку жолдошу Брэд Питт экөө сатып алышкан.

Уинстон Черчилль 40 жашында сүрөт тарта баштаган жана баш-аягы 500гө чукул сүрөт тарткан. Ал британ өкмөтүн 1940-1945-жылдар жана 1951-1955-жылдар аралыгында башкарган. Ал эми 1965-жылы 24-январда каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2021-02-03 01:20:38
Анжелика деп окуптурмун сразу эле.
+3
Kari
2021-02-03 02:39:27
Анжеликага убакыт болбой жатат азыр,саясатсат,бийликтеги озгоруулор менен убарагерчилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан