АКШлык ишкер Жефф Безос 27 жыл мурда негиздеген "Амазон" интернет компаниясынын башкы директору кызматынан кетет. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал мындан ары башка иштер менен алектенүүгө бел байлоодо.
"Дүйнөнүн эң бай адамдарынын катарына кирген Безос ордун компаниянын эсептөө бөлүмүн жетектеген Энди Жассиге бошотуп берет. Директорлукту тапшыруу 2021-жылдын экинчи жарымында ишке ашыруу күтүлүүдө. Безос "Amazon" компаниясын 1994-жылы онлайн китеп дүкөнү катары негиздеген. Бул аралыкта компания болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Бүгүнкү күндө компаниянын дүйнө боюнча 1 миллион 300 кызматкери бар", - деп жазылат маалыматта.