Кытай Эл Республикасында интернет колдонуучуларынын саны 989 миллионго жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат борборунун докладында айтылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын сентябрь айынан бери интернет колдонуучуларынын саны 5,2 пайызга өсүп, 989 миллионго жетти. Ошондой эле 2020-жылы биринчи жолу байланыш индустриясынын дүң өнүмү 100 триллион (15 триллион 400 миллиард доллар) юандан ашты.
"Байланыш технологиясы коронавирус пандемиясында маанилүү ролду ойноду. Бул Кытайдын ички дүң продукциясын өсүшүнө өбөлгө түзгөн негизги фактор болуп калды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кытай сегизинчи жыл катары менен электрондук соода тармагында лидерлик кылып келе жатат.