Орусиянын Саратов облусунда айдоочу текшерүү иштерин бат бүтүрүү максатында бажы кызматкерине пара берүүгө аракет кылганы үчүн эки жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка караганда, 2020-жылы август айында Саратов бажы кызматкерлери Кыргыз жараны башкарып бара жаткан чиркегичи бар Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан. Анда айдоочу жүккө тиешелүү документтерди текшерүүнү ыкчам бүтүрүү максатында бажы кызматкерине 15 миң рубль өлчөмүндө пара берүүгө аркет кылган. Бирок инспектор акча алуудан баш тарткан. Пара берүү боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.
Пара берүүгө аракет кылган айдоочу 2 жылга эркинен ажыратылып, ага пара берген суммадан беш, он эсе көп айып пул салынышы мүмкүн деп жазылат маалыматта.