АКШнын Нью-Йорк шаарындагы полицияга жаныбарларды коргоочулар иттер тарабынан таланып, өлүп калган мышыктын өлүмүн тергелишин жана иттердин ээлерин кармоо керектигин айтышып, петиция жарыялашты. Бул тууралуу New York Post газетасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Такседо аталышындагы агала мышык “Питбультерьер” породасындагы эки ит тарабынан январь айында таланган. Күбөлөрдүн айтымында, жаш жубайлар иттерин атайылап мышыкка карата коё беришкен жана мышык бакка чыгып өзүн коргоого аракет кылганда, жыгач менен түртүп аны жерге түшүрүп беришкен.
Айбанаттарга карата ырайымсыздык мамилеге каршы Animal Victory мекемеси жарыялаган петицияга азыркы учурда 16 миңден ашуун адам кол койду. Мекеме билдиргендей, петицияга кол койгондор АКШнын бардык штаттарынын жана 80ден ашуун мамлекеттин жашоочулары.
Ал эми, 4-февралда полициянын өкүлү бул окуя тууралуу тергөө жүрүп жаткандыгын билдирген.