Тубаса шал оорусу менен төрөлгөн казак кызы Аяжан Жуатай оозу менен сүрөт тартып көпчүлүктү таң калтырып келет. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Сүрөтчү кыз Казакстандын Жамбыл облусунун Каратоо шаарында жашайт. Ал 24 жашта. Бир нече республикалык, облустук сүрөтчүлүк боюнча конкурстардын жеңүүчүсү. Аяжан сүрөтчүлүктөн сырткары, кездеме токуу менен да алектенет.
"Мен тубаса ушундай жаралган адаммын. Бирок тагдырыма эч качан наалыган эмесмин. Себеби эки колум менен эки бутум иштебесе да, угуу, көрүү сезимдерим абдан жакшы. Күн бою жөн эле жата бербей сүрөт тартуу, кездеме токуу менен алектенем. Андан сырткары акын-жазуучулардын китептерин окуганды жакшы көрөм. Орундалбай турган орунсуз ойлордон алысмын. Мен үчүн аткан таң менен баткан күндү, апамдын жүзүн көрө алганым өзү чоң бакыт. Эң башкысы элибиз ааламга тараган илдеттен аман чыкса. Адамдар ден соолуктун кадырын билип, акча менен да ала албай турган нерселер бар экенин түшүнүшсө", - дейт Аяжан Жуатай.
Ошондой эле сүрөтчү кыз эмнегедир түн ичинде сүрөт тартууну жактыра турганын кошумчалаган.