АКШлык белгилүү ырчы Леди Гага легендарлуу поп-музыкант Тони Беннет менен биргеликте музыкалык альбом жаздырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ырчы Леди Гага 2018-жылы Нью-Йорктогу студияда поп-музыкант Тони Беннет экөөнүн жаңы альбомун жаздыруу ишин баштаганда, 94 жаштагы музыкант Альцгеймер дарты менен ооруй турганы белгилүү болгон.
"Бирок карыя музыканттын жардамчылары анын дартын жашырууга аракет кылышкан. Ошого карабастан Леди Гага кызматташуусун 2021-жылдын башына чейин улантып, Беннетти ар дайым кубаттап турган. Бул алардын 2014-жылы жарыкка чыккан альбомунун уландысы болуп саналат. Жаздырылган ырлар топтомун 2021-жылдын жаз айларында сатыкка чыгарууну пландап жатышат", - деп жазылат маалыматта.