SUPER.KG порталынын "Суперстан"нында "Адабият жана поэзия" бөлүмүндө колдонуучулар өзүнүн калемине таандык чыгармалары менен бөлүшөт. Сиздерге Жалгызым (Назик) аттуу колдонуучубуз жазган "Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар" чыгармасын тартуулайбыз.
***
Түркия.
Анда бул сезим жашап жатканына аз эле болду. Көөдөнүн кытыгылап, өзгөчө бейкуттук тартуулап, ошол эле убакта делөөрүтүп, шаштырып жанын тынч алдырбай, булуттарга алып учуп, кайра жер менен бастырган ажайып бир керемет сезимге кабылды да калды. Баарын унутту, жашап жаткан жерин, коомун, айланасын, бүткөн ою менен кыялы ошол өлкөдө калып кетти. Жүрөгү менен кошулуп өзү да ошол көздөрү шоктонуп оттой жанган жигиттин туткунуна айланды.
-Хаааят?! Хаяяятт!
Чалкыган деңизди тиктеп, өз ааламында бактылуу болуп бирде кабагы ачыла жайнай түшсө, кайра каштарын жыйрып олуттуу боло калып өзү менен өзү сүйлөшүп турган кыз артынан жанатан кыйкырып жаткан курбусун укчудай эмес. Жанына жетип, колдон тарткылаганда селт этти.
- Зелиха?
- Сен эмне болдуң? - деген курбусу кыздын чекесине колун тийгизди.
- Эч нерсе, - деп улутунуп алды кыз.
- Ооруп калдыңбы?
Көзүнө жаш айланган Хаят башын чайкады.
- Анан?
- Зелиха, мен аны сагынып жатам, - деди негедир ыйламсырап.
- Мына бу жерим башкача күйүп жатат, - деп жүрөк тушун колу менен көрсөттү.
- Ал отко бүтүн денем менен куйкаланып бараткандаймын...
- Гүлүм менин! - деген Зелиха кызды бооруна басты.
- Өтүп кетет. Болгону чыда. Сен түшүнүүң керек. Ал менен сен такыр бөлөксүңөр. Дүйнөңөр, жашооңор, жагдайыңар башка. Тилиңер, дилеңер жат...
- Жок, бул өтпөйт. Мага демек айдан түшсүн, мага айырмасы жок. Мени азапка салган башка нерсе...
- Эмне?
- Анын да менде көңүлү барбы? Бар болсо неге издебейт? Макул келбесин, неге телефон чалбайт? А эгер көңүлү жок болсо неге ошондо жалындуу тиктеди? Неге аяр сүйлөп, жан дүйнөмдү ээледи?
Хаят ызаланган жаш бала энесине арызданып жаткандай Зелиханын көкүрөгүнө башын жөлөп ыйлай берди...
- Тентегим, периштем менин! Ал деген актёр да.
- Жок, анын мени тиктегени жасалмасыз башкача болчу.
Хаяттын ааламын тозуткан да, ага сүйүү күн желесин тарткан да ошол сезим. Болгону жигит да өзүн сүйдүбү? Ошону биле албай убара. Акылы "сениби? Ал сени эчак унуткан!" - десе, жүрөгү "жоок! Ал да сени сендей сагынып, эңсеп жүрөт!" - деп шыбырап улам өчүп бараткан үмүт отун жандырат. Өзү болсо кай бирине кулак төшөп, кай биринин каалоосун угарын билбей жаны жанчылып жүргөн чагы.
- Жүрчү, съёмка бар бүгүн.
Зелиха тээ машинанын жанында турган жигит буларга карап, колун көтөрүп кол саатын көргөзгөндө кыздын жаштуу көздөрүн аарчып, колдон тартып машинага чуркады.
Кечинде төшөгүнө келип баш койгон Хаят телефонун алып ошол клипти кайра көрө баштады. Бул биринчи жолу эмес. Күнүнө жок дегенде 10 ирет кайталап көрөт. Тажабайт. Андагы жигиттин өзүн сүйө тиктеген каректерине чөгүп, кайра эле кыялдары талпынып ошол күндөргө алып учуп бактылуу жылмаят. Колунда телефонду кармап жигит экөөнүн түшкөн сүрөтүн карап уктап калган курбусунун үстүн жапты Зелиха.
-Тентегим менин! - деп алып кыздын чачтарынан сылап чыгып кетти.
Ашканага өтүп телефонун алып чыгып, өзү билген номерге байланышка чыкты. Узакка кеткен чакыруудан соң "Алло?" - деген шаңдуу үн жооп берди.
***
Кыргызстан.
Жигиттин ойлуу тартып, бушайманга түшкөн кабагын телефонго келген чалуу жарк эттире ачып жиберди. Тааныш номер. Жүрөгү дүкүлдөп алды.
- Алло? - деди шашылып.
- Мен Зелиха.
- Угуп жатамын.
Жигиттин үнүндө кубануу менен биргеликте толкундоо да жаткан. Жигиттин телефондун ары жагында энтиге дем алып жатканын туюп турду Зелиха. "Тентек! Сүйөт турбайбы бул дагы!" - деди ичинде бир эсе кубанса, кайра алдыдагы түйшүктүү келечекти сезип кайгыргандай.
- Ал кыйналып кетти, келбесең болбойт, - деди үнүн бош чыгарып чарчаңкы.
- Сөзсүз барам! Эртең эле барам!
Алдастап шашкан жигит ушуларды сүйлөп жатты.
- Макул, күтөбүз.
- Рахмат, рахмат сага Зелиха!
- Бул ишим үчүн, көп өкүнөрүмдү билем... - деген кыз телефонду коюп салды.
- Хаят! Хаятым менин! - деген жигит кудуңдап өзүнө-өзү батпай сүйлөнө берди. Ушунча күндөн бери өзүнө ортоктош болуп, сырдашына айланган түндүн өтмөгү тозок эми. Кайра-кайра телефондогу Хаяттын сүрөтүнө тигилет.
Толугу менен окуу үчүн бул жерди басыңыз.