Украина парламентинин "Слуга народа" фракциясынын депутаты Максим Павлюк өзүнүн декларациясында 1 миллион 900 миң гривен (5 миллион 770миң сом) өлчөмүндөгү каражатын 6 түрдүү лотореядан утуп алгам деп көрсөткөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Белгилүү болгондой, мындай маалымат Украинанын коррупцияга каршы туруу боюнча агенттигинин сайтына жарыяланган. Депутат 26-январь күнү 6 фирма утуп алган акча каражаттарын ага которгонун көрсөткөн. Лоторея ойноткон 6 фирманын ээси бир адам экендиги аныкталган.
Мындан сырткары журналисттер Павлюктун мурдагы жылдардагы декларацияларын карап көрүшкөн. Жыйынтыгында депутат 2020-жылы да 900 миң гривен (2 миллион 734 миң сом) утуп алганы белгилүү болгон. Бирок бул ирет ал акча каражатын кумар оюндарынан утуп алганын белгилеген.