Орусиялык аял 11 күйөөсүнүн башын "жеген"

Кубандык полиция кызматкерлери Армавир шаарында (Орусиядагы шаар) жашаган аялдын кылмыш иши тууралуу иликтөө иштерин жыйынтыкташты. Анда аял бой жүргөн эркектер (аялы каза болуп калган) менен баш кошкондон кийин аларга тиешелүү үй-мүлктөрүн сатып жиберип акча тапчу. Андан соң күйөөлөрү көп өтпөй каза болуп калышчу. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, тергөө иштеринин жыйынтыгында 53 жаштагы аял кыздары менен биргеликте бой жүргөн эркектерди издешчү. Көбүнчө ал эркектерге турмушка чыгып, кыздары болсо ишеничке кирген соң Армавир, Краснодар, Сочи шаарларында жайгашкан үйлөрүн, жерлерин сатууга ишеним кагаз жаздырып алышчу.

Жалпы келтирилген зыян 21 миллион 700 миң рубль болгон. Тергөө иштеринин жыйынтыгында айымдар мындай кылмыш иштерин 2013-жылдан баштап жасап келишкени белгилүү болгон. Ал эми алардын кылмыштуу иштеринин курмандыктары болуп 11 эркек киши кабылган деп жазылат орусиялык басылмалардын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Majit1975
2021-02-05 18:24:50
Тооба башын жеген десе башын чындап эле жеген окшойт деп окусам элее...
-4
AksyKum
2021-02-05 18:31:41
Majit1975,тооба тырмакчанын ичиндеги соз кыйыр мааниде айтылаарын билбейсинерби
+9
Majit1975
2021-02-06 13:24:12
AksyKum,өтө эле акылдуу окшойсун
-3
Gulina90
2021-02-05 19:42:50
Кудай сакта кыңыр иш азыр кырк жылда эмес тез эле келип калат.
+3
nazira...
2021-02-05 20:41:58
Кыздары менен экен да, аларды да жазаласа керек
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан