Казакстандын жараны 30 жыл мурда ашык болгон айымды издейт

Казакстандын 55 жаштагы жашоочусу мындан 30 жыл мурда ашык болуп калган айымды издейт. Казак басылмаларынын жазганына ылайык, Нур-Султан шаарынын тургуну Төлөгөн Муканов бир кездеги махабатын издөөгө көмөк сурап маалымат каражаттарына кайрылган.

Төлөгөн Муканов ашыгынын ысымы Лилия экенин, алар автобекетте таанышканын айтат. Ал учурда Лилия мектепти жаңы эле аяктаган, ал эми Төлөгөн мырза жогорку окуу жайга тапшыра албай калган.

"Ал адаттан тыш, башка аялдардан, кыздардан айырмаланып турчу. Ал менден эч нерсе талап кылган эмес, акылдуу сөздөр менен кат жазчу. А мен жөн гана анын каттарына кубанчумун", - дейт.

Төлөгөн Муканов эки жолу үйлөнгөн, бойго жеткен кызы бар, бирок Лилияны унута албайт. Лилиянын үй-бүлөсү жок болсо аны менен кайрадан кездешүүнү кааларын дагы жашырбайт.

"Лилия, эгер сен мени угуп же көрүп жатсаң, мен сенин кайда экениңди билгим келет. Казакстанда же чет өлкөдө жашасаң дагы барам. Биз экөөбүз бири-бирибизди издеп жаткандайбыз. Мен аны сезип жатам", - деген Төлөгөн Муканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
tsunse
2021-02-06 14:17:41
Молодец братан, суйуу учун курошуш керек,ошол сезимдерди ичинизде катып отуп кетпей, айтканыныз жакшы болуптур. Эми бир ааз женилдеп калас.
+13
dkrf
2021-02-06 15:35:21
tsunse,
Сүйүүгө болгон ишенимди жоготсоң, дүйнө сулуулугун жоготот. Аял затын дайыма суйуш керек. Аяз затын Кудай сулуу кылып жараткан учун суйуш керек.
+9
Haanykeim
2021-02-06 14:17:42
Мына сага илгерки сүйүү..
+13
nurgaz
2021-02-06 14:19:22
Лилия картайып калдыда, андан коро жашыдан тапсан мазза кыласын.
+1
nurbek56
2021-02-06 15:10:47
Крышасы кеткен неме го анын уй-булоосу бар балдары бар деп ойлобойбу кыйратып койгонсуп жарамазан кылбай
-8
Azat-123
2021-02-06 15:51:57
nurbek56,үй-бүлөөсү бар болсо андан мурунку сүйүүсүн издеп көрөтда:)
+2
Romantik.
2021-02-06 16:04:28
мен Мариямымды 3 жылдан бери издеп жүрөм, билем турмушка чыгып кеттиң, бирок мен сени сагындым. баардык соц тармактардан сени издедим, биз экөөбүздү, сени тааныган тааныштарыбыздан сураштырып таппай койдум. Исраилова Мариям, Оштон болот, тааныган билгендер кабарлап коюңуздар өтүнүч
+1
KaGaH
2021-02-06 18:24:58
Romantik.,москвада якиторияда повар болуп иштейт
+5
Nurik-1980
2021-02-06 19:36:40
KaGaH,жардыңго
+3
Romantik.
2021-02-08 00:56:43
KaGaH, сураныч, купуяга жооп берип койгулачы
+1
al-abu-kinesz
2021-02-06 19:51:53
Romantik., Романтик экенсин, бирок куйоосу кызганчаак неме болсо романтиканы тушунбойт го. Аты менен фамилиясы да коп кайталанбай турган экен, куйоосуно жетип калса не деп жооп берет эми??
0
bond02
2021-02-06 16:19:50
Откон жылы жоголуп кеткен кара тайды издейм, коргон билгендер кабарлап койгула.
+3
Hanbike9686
2021-02-06 21:25:44
Жомогун сууга айтчу киши экен. Лилиясы да бойдок жургонун угуп калып понт согуп жаткандай го
-2
nursiyanur
2021-02-07 10:55:21
Суйууго ишенбейм,суйуу кинолордо гана
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан