Орусиялык аял 24 жыл бою издеген кызын Кыргыз өлкөсүнөн тапты

Орусиялык Күлзифа Ашыкбаева аттуу аял "Жди меня" программасы аркылуу 24 жылдан бери көрө элек кызын тапты. Ушунча жылдар бою дайыны белгисиз болгон Римма Кыргыз өлкөсүндө жашап жүргөнү, документтеринин жоктугунан мекенине кайта албай калганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган программага 2019-жылдын июнь айында Күлзифа Ашыкбаева кичүү кызы менен келген. Ал 1995-жылдан бери дайынсыз болуп жаткан тун кызын издеп жаткандыгын билдирген. Айтымында, кызы ошол жылдары Кыргыз жараны менен жашап жүргөн.

"Алар Магнитогорскто батирде жашап, базарда иштечү. Кийинчерээк, батирдин ээси жашоочулар көчүп кеткенин айткан. Алар акча топтоп жүрүшкөн. Кызым менен жашаган жарандын улгайган ата-энеси Кыргыз өлкөсүндө жашайт, алар ошол жакка кетишкен дешет. Бирок ушунча жыл өттү, эч кандай дайыны жок", - деген эне.

Ал эми Римманын айтымында, ал Кыргыз өлкөсүнө келгенден бир күндөн кийин сүйүктүүсү аны таштап кеткен. Ошондон бери ал ар кимдин үйүндө жүрөт. Анын паспорту жана башка документтери жок болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Apyn8793
2021-02-06 17:49:07
Алдап иштетип алып, олкого алып келип таштап койгон эмнеси я? Ушундайыбыздан эле билинет да мал экенибиз. Адам сага ишенип, сени ээрчип келсе анан сен аны таштап кетсен. Ит адам экенсин. Ал кишини тааныгандар болсо айтып койгула, к.т экенсин деди деп.
+30
munarbek.92
2021-02-06 21:05:23
Apyn8793,кечиресиз го 5 манжа тен эмес да таштап кетсе бироо эле таштап кеткен да баардык кыргыз эли таштап кеткен жок ар кыл адамдар бар бироо жаман бироо жакшы
0
nazira...
2021-02-06 18:16:55
Бир жарым жылдан кийин Римма мекенине кайтып кайра кыргызстанга келип алганбы. Ушунча жыл док.жок кыргызстанда жашап жүргөн деп атат, аягында бир жарым жылдан кийин кайтты дейт, же мен.түшүнбөй жатамбы.
+7
Accord.396
2021-02-06 23:03:07
nazira...,сен экообуз тушунбой жатат окшойбуз
+1
Ala.too.456
2021-02-06 23:14:38
Accord.396,жооок, учообуз тушунбой атат экенбиз
-1
SHMIT
2021-02-06 23:26:27
Ala.too.456,4 чу болуп мен дагы тушунбодум.же коридордо окуганым учунбу тушунбодумда достоор
0
make2
2021-02-07 03:59:43
Accord.396,1995- жылы жоголгон, бир жарым жыл мурда жди меняга берген
+1
Sezimim...
2021-02-06 19:00:44
Тооба кылдым... Эмне Бишкекте Россиянын элчилиги жокпу? Бироо куч менен камап отурбагандан кийин, акыл-эси жайында адам элчиликке кайрылып, ата-энесине кайтып кетет да. Ушундай жашоо озуно жагып жашап жургон го. Ата-энесине айтпай бир безерини ээрчип келген озуно да айып...
+9
Gulina90
2021-02-06 19:26:24
Бир жарым жылдан кийин кайтты дейби
-1
Nurik-1980
2021-02-06 19:31:21
Gulina90,
0
al-abu-kinesz
2021-02-06 19:37:16
Жди меняга 2019-жылы кайрылуу болгонун коруп бир жарым жыл дегенде документ чогултуп анан барыптыр, эмнеси тушунуксуз? Ал эми бир кундо таштап кеткен бетпак киши, ушул комментти окуп атсан бетине ....! Ошондой эле 24 жыл неужели байланыша албаган кыздын озундо да айып жок эмес..
+7
AykaMer
2021-02-07 00:23:22
Интернет жайылып,эл бир аз оңолуп эмне эле кыйын болуп жатасыңар, комментчилер?! 1995 жылы келген экен. Ал убакта биз эмнени билчүбүз?!Посольствону билчү белек?! Ишенген адамы таштап кетсе, көрүнгөн адам иштетип нормальный акчасын бербесе эптеп күнүн көрүп жүргөн да.Айлар,жылдар бат эле өтөт билинбей.
+1
AykaMer
2021-02-07 00:27:14
Дароо эле күнөө өзүңдө деп каласыңар да... Иш,иш акча чогултам деп жүрүп арадан жылдар өткөнүн байкабай калат адам... Мисалы: чоң балам кечээ эле бөбөк эле, бүгүн 2- класска барып жатат... Туура ойлонсоңор, өзүңөрдү бирөөнүн ордуна коюп элестетип көрүп,анан жазсаңар...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан