Дүйнөгө белгилүү болгон казак ырчысы Димаш Кудайбергендин улуту боюнча интернетте талаш-тартыш башталган. Мындай талкууга ырчынын маалымат каражаттарынын бирине ата-теги кыргыз дегени себеп болгон. Ал эми айрым жергиликтүү басылмалар ырчынын ата-тегин 18-кылымда ар кандай себептерден улам Казакстанда отурукташып калган кыргыздар менен байланыштырган.
Жогорудагы талкуулардан кийин ырчынын атасы Канат Айтбаев кыргыздар менен эч кандай байланышы жок экендигин айтты.
"Эки уул, бир кызыбыз бар. Ата-энебиз менен бир чатырдын астында бактылуу жашап жатабыз. Биздин кыргыз улутуна эч кандай тиешебиз жок", - дейт.