Сингапурда Улуттук офтальмологиялык борбордун кызматкерине жаңылыштык менен беш эселенген коронавируска каршы вакцина салынды. Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, окуя 14-январда болгон.
Маалыматта айтылгандай, вакцинаны даярдап, суюлтуу жүргүзүлүп жатканда жооптуу кызматкер басып кеткен. Ал эми башка кызматкер ампулада суюлтулбаган дозаны колдонууга даяр доза деп ката кетирген. Суюлтулбаган вакцина колдонулганын дарыгерлер эмдөөдөн бир нече мүнөттөн кийин билишкен. Эмдөө алган жарандын абалы текшерилип, вакцинанын терс таасирлери жана реакциясы жок экени белгилүү болду. Эмдөө алган медицина кызматкери эки күн ооруканада жатып, абалы канааттандырарлык болгондон кийин чыгарылган.
Сингапурда коронавируска каршы эмдөө өткөн жылдын 30-декабрында башталып, биринчилерден болуп медицина кызматкерлери Pfizer жана BioNTech вакцинасын алып башташкан.