"Кардарлары келишимдүү экен". АКШда үйсүз жарандардын чачын акысыз кырккан чач тарачтын эмгектери

АКШда чач тарач баш калкалоочу жайы жок, көчөдө күн өткөргөн жарандардын чачын акысыз кыркып берет. Ал "кардарларынын" сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап келет. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, чач тарач сүрөттөрдү жөн гана жарыялап койбостон ар бир кардарынын окуясын кыскача баяндап берет.

Көпчүлүктүн ыраазчылыгын алган чач тарач 50 жаштагы Жейсон Шнейдман. Ал өспүрүм кезинде ал баңгиликке берилип, эки жыл көчөдө тентип, туугандары андан баш тартышкан. Кийинчерээк, ал жашоосу мындай нукта улануусун каалабай, жакшы жакка өзгөртөт.

Чач тарач болуп иштеп жүргөн күндөрдүн биринде ал Лос-Анжелестин көчөлөрүнө чыгып, үй-жайсыз адамдардын чачын акысыз кыркып баштаган. Анын мындай демилгеси суроо-талапка ээ болуп, "TheMenGroomer" коммерциялык эмес уюмун негиздөөгө түрткү болгон.

50 жаштагы чач тарачтын командасы муктаж болгондорго чач жасалга гана эмес, тамак-аш, кийим-кече жана дары-дармектерди (кайдыгер эмес жарандардан чогулган каражатка алынат) берип келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Gulina90
2021-02-07 18:16:29
Чындап эле жакшына кишилер экен.Алла ыраазы болсун,кылган ишине.
+14
nazira...
2021-02-07 18:21:22
Ошо жакшына эле кишилер неге бомж болуп кеткен дейм да, же иш жокпу иштегени.
+4
faraon312
2021-02-07 19:03:15
nazira..., бомж болуп калуу жумушсуздуктан эмес, адамдык үмүт талкаланып калгандан болсо керек.
+18
Bazana
2021-02-08 00:49:17
faraon312,туура + басам деп минус басып алдым, кечиресиз.
+2
Simels
2021-02-07 18:51:22
Дени соо, алты саны аман болуп туруп неге селсаяк болуп кетет адамдар.
-9
Alinur96kg
2021-02-07 19:36:03
Америкадан улгу албаш керек дегендер жок ко?
-9
Erlan_95
2021-02-07 19:49:46
Чындап эле баары жакшынакай экен. Буларда кобунчо наркоман болуп кетишет да, бизде алкаш болуп кетишет го
+9
nurgaz
2021-02-07 20:07:20
Бут эле алкаштарго
-2
Aimani
2021-02-08 00:22:53
Ыймандуу,адамкерчиликтуу чач тарач экен.
+7
Arai92
2021-02-08 01:15:23
Ваааааууууу
+1
AykaMer
2021-02-08 16:01:24
Жалаң актёрлорго окшоп кетишет го аа... Эми акырындап иш таап берип койсо аз аздан иштеп отуруп,адам болуп кетишсе... Бомждар вообще калбайт... Кана эми бизде да ушундай поддержка берүүчүлөр болсо...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан