АКШда 74 жаштагы карыя 60 жыл мурун кылган уурулугу үчүн полициядан кечирим сурады

АКШнын Калифорния штатынын 74 жаштагы тургуну 60 жыл мурун өспүрүм кезинде жасаган кылмышын моюнуна алып, полициядан кечирим сурап кат жазды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Калифорния штатындагы Чула-Виста шаарынын 74 жаштагы тургуну полицияга кат жиберген. Анда өспүрүм курагында ресторанда полиция кызматкери менен бир адам ортосундагы уруш чыгып, анда кызматкердин кол кишендери жерге түшүп калганда ал кишендерди өзүнө алып койгон. Кийин кол кишендер кайдан келгендиги тууралуу 6 жана 9 жаштагы неберелери сураган. Ошондон кийин ал 60 жыл бою сактап келген кол кишендерди кайтарып берүүнү чечкен. Сөз болуп жаткан адам кол кишендерди көргөн сайын өзүн күнөөлүү сезип жүргөндүгүн катында жазып өткөн.

Лос-Анжелестин полиция департаменти катка жооп иретинде ар бир кол кишен 100 доллар турарын билдиришкен. Мындан сырткары, бул жөнөкөй кат болгон эместигин, андагы баяндалган окуя чоң атадан неберелерге чейинки 60 жылдык өмүр сабагы болгондугун айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2021-02-08 15:03:47
Ушундай чынчыл болуш керек ынсаптуу, а не жасалма ыймандуу болбой.
-1
Bekish_94
2021-02-08 17:28:53
Биздин атка минерлердин неберелери да кантип байыдыңыз?, десе жооп таба албай уялгандан байлыктарын мамлекеттин фондуна көтөрүп салса жакшы болот беле?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан