Сомалинин түштүгүндө жайгашкан Гедо провинциясында транспорттук учак кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, учак кырсыгы Гедо провинциясындагы Гарбахаррей шаарынын аймагында болгон. Окуянын башка чоо-жайы айтылган жок. Каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтар азырынча белгисиз.