Өзбекстанда милиция кызматкеринин формасын кийип бийлеген жаран жана ага жардам берген өспүрүм кармалды. Окуя Сырдарья облусунда орун алган. Жигит мындай кадамга интернетте популярдуулукка ээ болуу максатында барганын өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сот тарабынан 26 жаштагы Хасан Дустовго укук коргоочулардын формасын мыйзамсыз кийгени жана майда бейбаштык кылганы үчүн 34 суткага чейин административдик камакка алуу түрүндө жаза берилди.
Ал эми аны видеого тарткан өспүрүмдүн ишин райондук администрацияга караштуу өспүрүмдөр боюнча комиссия карай турган болду.