"Жүрөгү айланып". Танзанияда кеминде 15 адам белгисиз илдеттен каза болду

Танзанияда белгисиз илдетти жуктуруп алып кеминде 15 адам каза болуп, 50дөн ашык адам ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, белгисиз илдетти жуктуруп алгандардын жүрөгү айланып, кан кусуп жатышат.

"Бул оору али кеңири жайыла элек. Илдет бир гана административдик райондо катталып, анда адамдар кан кусуп, ооруканага кечигип баргандар каза болуп жатат", - деген илдет катталган Чунья аймагынын башкы дарыгери Фелиста Кисанду.

Дарыгердин билдиришинче, алгачкы клиникалык текшерүүдөн өткөн бейтаптар негизинен эркектер болгон. Алардын көпчүлүгү ашказан жарасы жана боор оорусу менен жабыркагандар. Танзаниянын саламаттыкты сактоо министри илдет катталган аймакка эксперттер тобун жөнөткөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidan_Ek
2021-02-09 23:19:43
Кудай сактаааааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан