Биз социалдык тармакта

"Эң азы 4 саат". Бишкекти эң көп жана эң аз убакыт ким башкарды? (тизме)

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэри болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы кабарланган. Бирок арадан 4 саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени желдей тарап, президент Садыр Жапаров дагы Нургазиевдин мэр болушу жөнүндө оюнан кайтканы соцтармактагы баракчасына жарыяланды.

Мындан улам SUPER.KG порталы борбор калаабыздын тарыхындагы эң көп убакыт жана эң аз убакыт мэр болуп иштегендерди тизмектеди. Белгилей кетүүчү жагдай, төмөндөгү тизме баш калааны башкаргандардын толук тизмеси эмес, болгону көп убакыт жана эң кыска мөөнөттө башкаргандардын тизмеси.

Узак мөөнөткө мэр болуп иштегендер:

1. Медетбек Керимкулов 1999-жылдын апрель айынан 2005-жылдын март айына чейин иштеген;

2. Борис Силаев 1995-жылдын февраль айынан 1998-жылдын апрель айына чейин иштеген;

3. Иса Өмүркулов 2010-жылдын апрель айынан 2013-жылдын декабрь айына чейин иштеген;

4. Арстанбек Ногоев 2005-жылдын август айынан 2007-жылдын ноябрь айына чейин иштеген;

5. Албек Ибраимов 2016-жылдын февраль айынан 2018-жылдын июль айына чейин иштеген.

Борбор калаанын тарыхындагы эң кыска мөөнөткө мэр болгондор:

1. Данияр Үсөнов 2007-жылдын ноябрь айынан 2008-жылдын июль айына чейин;

2. Феликс Кулов 1998-жылдын апрель айынан 1999-жылдын апрель айына чейин;

3. Балбак Түлөбаев 2020-жылдын 22-октябрынан 2021-жылдын февраль айына чейин;

4. Нариман Түлеев 2020-жылдын 20-октябрынан 22-октябрына чейин;

5. Эрмек Нургазиев 2021-жылдын 9-февралында 4 саат мэрдин милдетин аткаруучу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Merch
2021-02-09 15:05:37
Нариман Түлеев мурда дагы иштеген эле го?
+3
JaneEr
2021-02-09 16:02:09
Оштун мэрине тийбесенер болду!
+3
Rusbayastan
2021-02-09 18:32:14
0
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-09 19:34:29
Медетбек Керимкуловдой эч ким башкарбаптыр.Эптеп эле кресло болсо дегендер келе берип мэрликтин деле баркы кетти
0
gitaris93
2021-02-09 23:47:15
Курбан ыраазы болсун жок го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан