Азербайжан менен Армениянын ортосунда дагы бир туткун алмашуу болуп, бир туткун Бакуга, бешөө Ереванга жеткирилди. Бул тууралуу Карабахтагы орусиялык тынчтык күчтөрүнүн командири, генерал-лейтенант Рустам Мурадов билдирген.
"9-февралда дагы бир туткун алмашуу болду. Менин жеке көзөмөлүмдөгү орусиялык тынчтык күчтөрү жүргүзгөн ишинин натыйжасында Орусияга таандык учак учагы Бакуга бир туткун жеткирилип, ошол эле учак менен беш туткун Ереванга алынып кетти", - деген Мурадов.
Ал Орусиянын тынчтык күчтөрү үч тараптуу келишимдин так аткарылышына өз салымын кошорун белгилеген.
Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.