
Орусиянын Кемеров облусундагы Новокузнец шаарында 10 саат бою кар алдында калган кыз аман калды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү куткаруу кызматына Новокузнец калаасынын тургуну чалып, күндүз дачасына кар тазалоо үчүн кеткен кызы кайра кайтып келген эместигин айткан. Аял дачага барып кызынын унаасын гана тапкан.
Окуя болгон жерге бир нече куткаруу кызматынын кызматкерлери барышып, кыздын кар алдында калгандыгын айтышкан. Эки саатка созулган издөө иштеринин натыйжасында кыз табылып, ал оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө экендиги айтылат.