Орусияда дарыгерлер бейтаптын башындагы калемди алып чыгышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында дарыгерлер 37 жаштагы бейтаптын көзүнөн кирип, мээсин аралай өткөн калемди алып чыгышкан.
"Бактыга жараша, калем керектүү кан тамырларга тийген эмес. Дарыгерлер калемди өтө тактык менен ийгиликтүү алып чыгышкан. Бейтап азыркы тапта жандандыруу бөлүмүндө, абалы жакшы", - деп билдирген дарыгерлер.