Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная Орусиядан чыгып кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал Германияга сапар тарткан.
Юлия Навальная Франкфурта-на-Майне шаарына барганы жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Орусиянын Щербинка райондук соту Юлия Навальная мыйзамсыз нааразычылык акциясына катышкандыгы үчүн айып пул салган.
Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.