Орусиянын Улуттук гвардия сулуусу аталган Анна Храмцова инстаграмга видео жарыялагандыгы үчүн иштен алынды

Орусиянын Улуттук гвардия сулуусу аталган Анна Храмцова инстаграмга жарыялаган видеосу үчүн иштен алынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Анна Храмцова жарыялаган видеого иш бөлмөсүнөн айрым кадрлар түшүп калган. Улуттук гвардиянын Свердловск аймактык бөлүмү Храмцова кызматтык жеке жоопкерчилигин бузгандыгын маалымдаган.
Ал эми гвардия сулуусу “Московский комсомолец” басылмасына берген маегинде иштен бошотулуу себебин билбей тургандыгын айткан.

Анын айтымында, буйрукта кандай мыйзам бузуу боюнча кызматтан алынгандыгы жазылган эмес. Ал жадакалса буюмдарын, документтерин алып кетүүгө уруксат берилбей жаткандыгын да кошумчалаган.

Анна Храмцова бул боюнча сотко арыз менен кайрылган. Ишке кайра кабыл алуудан сырткары 1 миллион рубль өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү талап кылган.

Белгилей кетсек, 2019-жылы екатеринбургдук укук коргоочу айым Анна Храмцова Орусиянын Улуттук гвардия сулуусу фото сынагын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан