АКШда 100дөй унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду (видео)

АКШнын Техас штатында 100дөй унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Техастагы Форт-Уорт шаарындагы трассада болгон. Полициянын билдиришинче, окуяга кар жааган соң пайда болгон жолдогу муз себеп болгон. Кырсыктан беш адам каза болсо, 36 адам оор жаракаттарды алган. Учурда жол кырсыгына кабылган унаалардын алдында калган көпчүлүк адам куткарылды.

Жол кырсыгынан трассанын эки тарабы тең тосулуп калган. Учурда полиция кызматкерлери трассаны иретке келтирүүдө.

АКШда 100дөй унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shanson
2021-02-12 11:25:05
Страховая компаниялар ыйлап отурган экен да )
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан