Гарвард университети жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында дүйнө жүзү боюнча ар бир бешинчи өлүм күйүүчү майдын кесепетинен улам абанын булганышынан келип чыгарын көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гарвард университетинин шейшемби күнү жарыялаган изилдөөсүнө ылайык, 2018-жылы миллиондогон адамдын өлүмүнүн себеби, күйүүчү майдын заттарынын, башкача айтканда, газдын, мунай заттарынын абаны булгашына байланыштуу.
Изилдөөдө 2018-жылы ушул себептен 8 миллиондон ашуун адам каза тапканы айтылган. Өлүмгө дуушар болгондор Түндүк Америка, Европа жана Түштүк-Чыгыш Азияда жашаган адамдар.
Лондон университетинин академиясынын өкүлү жана изилдөөнүн автору Элоиз Мараис: "Ден соолукка пайдалуу, жашоого жарамдуу жана таза альтернатива бар экендигин билсек дагы, абийирибиз менен ушул сыяктуу олуттуу кесепеттерге алып келчү күйүүчү майларга ишене албайбыз", – деп билдирген.