Кытайда Жаңы жыл майрамын белгилешти

Ай календары боюнча бүгүн, 12-февралда Кытайда 1 миллиард 500 миллион адам Жаңы жыл майрамын белгилешти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, быйыл Кытайда коронавирус пандемиясына байланыштуу салтка айланган көчөдө чогулуп майрамдоо, сейилдөөлөр болгон жок.

"Бирден бир көңүл ачуу үчүн калкка "Чуньвань" аттуу гала-концерт уюштурулуп, ал онлайн борбордук сыналгыдан көрсөтүлдү. Аталган өлкөдө эки жылдан бери майрамды үйдө өткөрүп келишүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Ай календары боюнча Кытайда ак металл бука жылы. Кытай маданиятында бул жаныбар практикалык жана кудайдын принцибинин ортосундагы тең салмактуулуктун белгиси болуп саналат, ал көбүнчө кытай сүрөтүндө чагылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан