Орусияда 33 жаштагы аял 3 баласын жылаңачтап түндө токойго таштап койгон

Орусиянын Жаңы Москва шаарында 33 жаштагы аял 3 баласын жылаңачтап -15 градус суукта түндө токойго таштап койгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 11-февраль күнү түнү болгон. Анда 33 жаштагы аял 3 баласын өлтүрүү максатында токойго алып барып таштаган. Аталган окуяга күбө болгон жаран укук коргоо органдарына кабар берген. Суукка тоңгон балдар ар кандай абалда ооруканага жеткирилген. Учурда жаш балдардын абалы оор экендиги, ошондой эле алардын бири жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткандыгы айтылат.

Азыр милиция балдардын буга чейин кайсы жерде, кандай үйдө жашагандыгы боюнча тактоо жүргүзүүдө. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulina90
2021-02-13 07:29:20
Эшек.Бироого кор,бироого зар кантип колун барды.
+10
Jelezo
2021-02-13 11:42:28
Маткапитал алыш үчүн эле төрөгөн экен да.
+2
jazmina909090
2021-02-13 11:55:30
Тобоооо кандай таш боор мерез адамдар бар бул жашоодо???эки көзүң алайган боюунча кптып каласын окуганда
+2
Belek1710
2021-02-13 13:43:24
Өзүн таштап коюш керек.
+2
raikakyz
2021-02-13 16:02:24
Тобоо, тобоо
+1
raikakyz
2021-02-13 16:04:13
Тобоо, тобоо, тобоо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан