Илон Маск Путинге орус тилинде кайрылуу жасады

Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск Орусиянын президенти Владимир Путиндин Twitter'деги расмий баракчасына эки тилде кайрылып, аны барган сайын популярдуу болуп жаткан Clubhouse социалдык тармагында маектешүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Tesla жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү твиттердеги орус лидеринин расмий англис тилиндеги баракчасын белгилеп, алгач англис тилинде "Мага кошулуп, Clubhouse-дагы баарлашууга катышкыңыз келеби?" - деп жазган.

Андан кийин Маск Путинге "Сиз менен сүйлөшүү чоң сыймык болот" деп орусча кайрылган.

Clubhouse - бул үн менен байланышуу үчүн аудио контент тиркемеси. Анда социалдык тармактарда колдонуучулар ар кандай темаларды талкуулай турган "бөлмөлөр" же "кеңселер" бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2021-02-16 02:32:00
Путин байке повод бербейтго баарибир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан