Дагестандын аймагында жергиликтүү тургун чарчап калган эки ымыркайын жерге берип жатып, алардын ордуна куурчак салып койгонуна күбө болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Дагестан аймагынын полиция кызматкерлери териштирүү иштерин баштаган.
"Видео Дагестандын аймагындагы мүрзөлөрдүн биринде тартылган. Анда эркек киши төрөт үйлөрүнүн биринде жубайы эки бала төрөп, чарчап калганына байланыштуу жерге берер алдында, кепинди ачып кадимки оюнчук куурчакты көргөнүн билдирген. Дагестандын ИИМи бул окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн убакыт талап кылынаарын, бардык тиешеси бар адамдар аныкталып, мыйзам чегинде жооп беришерин билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми аталган аймактын губернатору жана ооруканадан мындай бейтап аларга кайрылбаганын бардык база текшерилгенин кабарлашкан.
Кийин аталган тасмадагы эркектин жубайы окуянын чоо-жайын айтып, төмөнкүлөргө токтолгон.
"Мент кош бойлуумун деп ойлогом. Бардык симптомдор жана тест дагы менин боюмда бар экенин көрсөтүп жатты. Ичим чоңоюп, ичинде кадимкидей бала кыймылдап турчу. Буга биздин жакындарыбыз жана жолдошум күбө. Кийин УЗИге барганда менин кош бойлуу эмес экенимди билдиришти. Мен бул туурасында күйөөмө айта алган жокмун. Анткени ал бул кабарды сүйүнүү менен кабыл алган. Жолдошумдун туулган күнүндө мен ага эгиз балалуу болорбузду билдиргем. Ошентип, бүгүн, эртең айтам деп жүрүп өзүм дагы балалуу болом деген үмүт менен жашап калдым. Эч кимге эч нерсе айтпастан төрөткө даярданып баштадым. Бардык керектүү нерселерди алып жүрүп, дүкөндөн куурчакты көрүп калып сатып алгам. Бул көрүнүш башкалар үчүн калп болсо, мен үчүн чындык болуп жатты", - деп айтып жатканда видео үзүлүп калганын көрүүгө болот.