Гвинеянын түштүк-чыгышында Эбола вирусу катталды

Батыш Африкадагы Гвинея өлкөсүндө Эбола вирусу катталды. Бул маалыматты өлкөнүн расмий булактары тастыктаганын дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо министри жыйын өткөрүп вирустун жайылышына каршы бир катар чараларды көрүү чечимин кабыл алган. Министрлик оорулуу адамдарды аныктайт жана алар менен байланышта болгон адамдарды тактайт.

Гвинеянын санитардык кызматы Эбола вирусу алгач Гуеке шаарында 28-январда каза болгон медайымдан чыккандыгын билдирген. Аялдын сөөгү 1-февралда жерге берилгенден кийин бир нече адам ич өтүү, кусуу, кан жана ысытма сыяктуу вирустун белгилери менен ооруканага кайрылган.
"Бизде Эбола вирусун жуктурган жети учур катталды. Үч адам каза болду. Үчөө карантинге алынды. Бир бейтап Канакри шаарында, экөө Нзерекордо. Булардын баары медайымдын тажиясына катышкан", - деген өлкөнүн саламаттыкты сактоо агенттигинин жетекчиси Сакоба Кейта.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Гвинеяга жардам берүү үчүн болгон ресурстарды тезинен колдоно тургандыгын жарыялады.
Эске салсак, 2014-2016-жылдары Гвинея өлкөсү Эбола эпидемиясынын Батыш Африкадагы эпицентринин бири катары каттаган. Ошол убакта континенттин бул бөлүгүндө 11 миңден ашуун адам каза болуп, 28 миңден ашуун адам оору менен жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nuri1988Elim2010
2021-02-15 19:54:44
Оппоооо
+1
Aiturgan9795
2021-02-16 00:27:25
Ковид бүтүп эбола... Кудай сактасын
0
barsbegKG
2021-02-16 03:22:51
Шаар Канакри эмес Конакри
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан